Ссылки доступа

Өзбекстанда завод курулушунда иштеп жаткан жүздөн ашык жумушчудан коронавирус табылды


Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда синтетикалык күйүүчү май өндүрүүчү Uzbekistan GTL заводун куруп жаткан жумушчулардын 127синен коронавирус табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушу тапта вирустун жайылуусуна жол бербөө максатында заводдун курулуш аянтчасында тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Өзбекстанда коронавирус пандемиясы маалында заводдор менен ири ишканалар ишин токтоткон эмес.

Буга чейин өлкөдөгү бир нече заводдун жумушчулары карантинге байланыштуу эки жума үйлөрүнө барбай, жумушта түнөп иштөөгө мажбурланып жатышканын айтып чыгышкан.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG