Ссылки доступа

Тажикстан ИИМи кол салууга кабылган журналистти мамлекеттик коргоого алуудан баш тартты


Абдулло Гурбати Хуросон районундагы кол салуудан кийин
Абдулло Гурбати Хуросон районундагы кол салуудан кийин

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбатини мамлекеттик коргоого алуудан баш тартты.

Май айында эки жолу кол салууга кабылган журналистти мамлекеттик коргоого алуу өтүнүчү менен ИИМге адвокат Абдурахмон Шарипов кайрылган.

Мекеменин тергөө башкармалыгынын 10-июлда адвокатка жиберген жообунда жабырлануучуну коргоого алууга «негиздүү себептер жок экени» жазылган.

Адвокат Абдурахмон Шарипов журналист алгачкы жолу кол салууга кабылгандан кийин ИИМге расмий түрдө кайрылып, белгисиз адамдар ага телефон чалып, коркутуп жатканын билдирген. Гурбати 17-майда «Азаттык» радиосунун тажик кызматына берген маегинде ага телефон чалган кишилер камакка алынмайынча, анын өмүрү коркунучта болорун айткан.

«Азия-Плюс» маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбати май айында эки жолу кол салууга кабылган. 11-майда Душанбеде аны беткапчан эки киши сабап кеткен. 29-майда журналист Хуросон районундагы селдин кесепеттери туурауу сюжет тартып жүргөндө үч киши аны кемсинтип, бир нече жолу уруп жиберишкен.

Журналистке биринчи кол салгандардын ким экени дале белгисиз. Экинчи кол салуу боюнча Хуросон райондук соту жергиликтүү үч тургунду күнөөлүү деп таап, ар бирин 580 сомони (57 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген.

15 коомдук уюм жана журналисттердин тобу Гурбатиге кол салгандардын иши «Майда бейбаштык» беренеси боюнча тергелип, сот айып пул төлөтүү менен гана чектелгенине нааразылык билдиришкен.

XS
SM
MD
LG