– Мен 7 автобус келип, ар бирине 55тен киши салып жатышканын өз көзүм менен көрдүм. Аларды ошол автобустар менен алып кетишти, - деди күбөлөрдүн бири.
Бул маалыматты карантин аймагынын колл-борбору да тастыктады.
8-9-июль күндөрү Ташкент облусунун Уртачирчик районунда жайгашкан ”Уртасарай” карантиндик жайында кармалып турган адамдар козголоң чыгарышкан.
Соцтармактарга жарыяланган видеотасмаларга ылайык, мажбурлап карантинге алынган адамдар кулпу менен бекитилген темир дарбазаны ачууга аракет кылып, эркиндикке кое берүүнү сурашкан.