Ссылки доступа

Авиациялык керосин жер кыртышына жайылгандан кийин Таймырда өзгөчө абал киргизилди


Норильсктеги суюк отундун жайылуусунун кесепеттери
Норильсктеги суюк отундун жайылуусунун кесепеттери

«Норникель» ишканасында авиациялык керосин жер кыртышына жайылып кеткенден кийин Таймыр жарым аралына өзгөчө абал режими киргизилди.

12-июлда Тухард кыштагында «Норильсктрансгаз» компаниясынын суюк отун ташыган кууру тешилип, жакын жердеги көлгө 44 тонна керосин кошулуп кеткен. Куткаруучулар бир сутканын ичинде болжол менен жайылган керосиндин жарымын чогултушту. Тергөө комитети жаратылышты коргоо эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Майдын аягында Норильск шаарындагы ЖЭБде авария болгондо 21 миң тонна дизелдик суюк отун эки дарыяга, ал жактан Пясино көлүнө куюлуп кеткен. Ал жылуулук борбору да «Норникелге» таандык болчу. Авариядан улам келтирилген чыгым эки миллиард долларга бааланууда. Экологдордун айтымында, Арктикадагы кесепеттерди жоюуга бир нече жыл кетиши мүмкүн.

Июнда «Норникель» Талнах байытуу фабрикасынан чыккан өндүрүш калдыктарын тундрага чыгарып жатканы белгилүү болгон. Калдыктар Пясино көлүнө куя турган Хараелах дарыясына кошулуп турган. Анда экологдор менен журналисттердин кийлигишүүсү менен калдыктарды чыгаруу токтотулган.

XS
SM
MD
LG