Ссылки доступа

Москвада короо шыпыруучу мигранттар июнь айы үчүн дээрлик 30% аз айлык алышты (видео)


Москва шаарындагы Левобережный районунун коммуналдык кызматынын жүзгө жакын жумушчусуна июнь айы үчүн дээрлик 30% аз маяна төлөндү.

Маалыматка караганда, адатта 33 миң рубль алган короо шыпыруучуларга бул жолу 23 миң гана рубль берилди. Негизинен мигранттардан турган жумушчулар бул акча менен Москвада жашоого дээрлик мүмкүн эмес экенин билдиришүүдө.

Дворникам-мигрантам в Москве урезали зарплату на треть
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Москвада короо шыпыруучу жумушуна мигранттарды «Жилищник» деп аталган мамлекеттик ишкана жалдайт. Мекеме айлыктары эмне себептен кыскартылганын билүү үчүн барган жумушчуларга Москванын Түндүк округунун префектурасы акча которбогондугун билдирди. Өз кезегинде префектура өкүлдөрү айлык акы маселесин компаниянын директору чечерин айтып, мигранттарга 15 мүнөттүн ичинде тарап кетишпесе, полиция чакыра тургандыктарын эскертишти.

Карантинный лагерь для трудовых мигрантов от ГБУ "Жилищник" в Москве
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

«Короо шыпыруучу мигранттар аба ырайына жана коронавирус пандемиясына карабастан, жылына 365 күн дем алышсыз иштейбиз. Акыркы айларда негизги жумушубузга аймакты дезинфекциялоо ишин да кошуп коюшту. Ошондуктан кошумча акы төлөөнүн ордуна айлыкты азайтууну адилетсиздик деп эсептейбиз», — деди Рустам аттуу мигрант.

«Жилищник» ишканасынын өкүлдөрү бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

В Москве замначальника коммунальной службы проломил голову бейсбольной битой дворнику-мигранту
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Ушу тапта Левобережный районундагы коммуналдык кызматтын жумушчулары массалык түрдө иштен кетүү тууралуу арыз жазууга даярданып жатышат. Мындан тышкары алар укук коргоочулардын жардамы менен Орусиянын Тергөө комитетине арыз менен кайрылууну көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG