Ссылки доступа

Дарыкана менен ооруканага кезек күткөндөр көбөйдү (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Дарыкана менен ооруканага кезек күткөндөр көбөйдү. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күчөп, башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү.(видео)

- Караколдо эл эки "Тез жардамдын" көзүн карайт. 80 миң калктуу Караколдо активист жаштардын тобу шаардагы стационарларда жана ооруканаларда иштеп жаткан медиктерге жардам көрсөтүп жатышат. Жаштар тобу каражат чогултуп, беш жылдан бери токтоп турган "Тез жардам" унаасын оңдотууга киришти. Пандемия күчөп турган маалда Каракол шаарында эки гана "Тез жардам" унаасы эл кызматында. (видео)

- Чек арада бак тиккен балбандын тилеги. (видео)

- “Апакем дагы жашаса эмне...”. (видео)

- Кыргызстанда канча дарыгер жетишпейт? Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын кеминде 15-18% дарыгерлер. Бул - дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Илдет күчөгөн сайын кыргыз медицинасы адистерге муктаж болууда. Өлкөнүн кайсы аймактарында дарыгерлер жетишпейт? (видео)

- Караколдогу араң жан рентген. Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы рентген кабинетинин сүрөттөрү кызуу талкууга түштү. Өпкөсү кагынган бейтаптар узун кезектен улам ушул рентген кабинетин колдонууга аргасыз болууда деген сөздөр тараган. (видео)

- Баткендеги селдин кесепети. Лейлек жана Баткен райондорунда 12-июлда жүргөн сел бир канча үйдүн короо-жайын каптады. Катуу жааган жамгыр Лейлек районунун Исфана шаарынын, Тогуз-Булак айылынын, Баткен районунун Кыштут айылынын жашоочуларына зыян алып келди. (видео)

- Дарыкана менен ооруканага кезек күткөндөр көбөйдү. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күчөп, башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү. (сүрөт баян)

- Москвада короо шыпыруучу мигранттардын айлыгы азайды. (видео)

- Хабаровскиде үч күндөн бери нааразылык акциялары өтүүдө: көчөгө 30 миңге чейин киши чыкты. (видео)

- Борбор Азия өлкөлөрү коронавируска каршы күрөш кандай жүрүүдө? (видео)​

- Тажикстанда коронавирус жуктургандар кимдин эсебинен дарыланууда? (видео)

- COVID-19дун келип чыгышынын жаңы версиялары. (Настоящее время)

- COVID-19: Казакстандыктар бири-бирине жардам бере башташты. (видео)

- Казакстандыктар кайсыл өлкөлөргө уча алышат? (инфографика)

- Беларус бийлиги велосипедчилерди кармап жатат​. (Настоящее время)

- Вена зоопаркында деңиз мышыгы төрөлдү. (видео)

- Зеленский мамлекеттик резиденцияга көчтү. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG