Ссылки доступа

Өзбекстанда санэпиддин ондогон кызматкерине COVID-19 жукту


Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин ондогон кызматкери COVID-19 диагнозу менен ооруканага жаткырылды.

Агенттиктин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, ушу тапта жумушта кадрлар жетишсиз болууда.

«Борбордук аппараттагы кызматкерлердин көбү COVID-19 диагнозу менен ооруканага жатып калышты. Так саны жок, бирок алар ондоп саналат. Күн сайын көбөйүп жатат, кечээ эле үч кесиптешибиз ооруканага жатып калды. Агенттик толук көлөмдө иштебей жатканына он күндөн ашты. Башкаруу аппаратында эч ким калбай калды, кызматкерлердин баары ооруканада жатат», — деди ал.

Бул маалыматты мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Мухаммаджон Бозоров четке кагып, айрым кызматкерлер үйлөрүндө иштеп жатканын билдирди.

Ал ортодо агенттиктин ооруканада жаткан төрт кызматкери Covid-19 жуктуруп алышканын ырасташты. Баш калаадагы Н.А. Семашко атындагы оорукананын өкүлдөрү аларга агенттиктин кызматкерлери жаткырылганын тастыкташты.

Санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук агенттиги коронавирусту аныктоо үчүн тапшырылган тесттердин акыркы жыйынтыктарын берүүгө жооптуу мекеме болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG