Ссылки доступа

Бир күндө эки мектеп директору каза болду


Элнура Музаева.
Элнура Музаева.

Кыргызстанда бир суткада эки мектеп директору каза болду. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.

Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада каза болгонун анын жакындары кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда каза болгон.

Музаева ошондон кийин өзү инсульт болуп, шейшембиге караган түнү реанимациядан үзүлгөн. Өпкөсүн рентгенге тарттырганда 80% пневмония экени аныкталган.

54 жаштагы Элнура Музаева орус тили жана адабиятынан сабак берчү. Мурда Бишкектеги №5 гимназияны да жетектеген.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан 149, пневмониядан 497 адам каза болду.

14-июлда Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева каза болду. Туташеванын өлүмүнө эмне себеп экени азырынча расмий айтыла элек

XS
SM
MD
LG