Ссылки доступа

Түркмөнстанда поезд каттамдары токтоду


Коронавирус жуктурган учур катталганын расмий түрдө жарыялай элек Түркмөнстанда жүргүнчү поезддердин каттамы токтоду.

Өлкөнүн темир жол компаниясы поезддер 16-июлдан тартып 23-июлга чейин жүрбөй турганын кабарлап, бирок мунун себебин түшүндүргөн жок.

Буга чейин Түркмөнстандын саламаттык сактоо тармагындагы аткаминерлери «чаңдын өпкөгө киришине жол бербөө үчүн» жарандарды медициналык беткап тагынууга чакырган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы жергиликтүү ооруканалар пневмониянын белгилери бар бейтаптарга толуп калганын, алардын айрымдары, анын ичинде медицина кызматкерлери көз жумганын жазган. Маалыматка караганда, кээ бир аймактарда карантин зоналары түзүлүп, бир катар өндүрүш объектилери иштебей турат.

6-июлда Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун (ДССУ) миссиясы өлкөгө 10 күндүк сапар менен келген.

XS
SM
MD
LG