Алдыдагы шайлоодо Беларус президенти Александр Лукашенкого атаандаш болууну көздөп жаткан бул эки саясатчыны Боршайком талапкер катары каттоодон баш тарткан.
"Немис толкуну" кабарлагандай, Эгемендүүлүк проспектинде топтолгон жүздөгөн манифестанттарда же желек, же ураандар жазылган плакаттар болгон эмес. Алар көчөдө жүрүш жасап, кол чаап гана турушту. Нааразылык акциясына жөө кишилер гана эмес көптөгөн велосипедчендер да келди.
Укук коргоочулар ондогон кишилер кармалганын, алардын арасында журналисттер бар экенин билдиришүүдө.
Түнкү саат 11лерде “Азаттыктын” беларус кызматынын эки журналисти бошотулду. Маалыматка караганда, полиция аларды кечки саат 9да кармап кеткен.
Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.