Ссылки доступа

Тажикстанда суюлтулган газдын баасы жогорулады (видео)


Тажикстанда суюлтулган газдын баасы акыркы апталарда дээлик эки эсеге жогорулады. Өлкөдө автомобиль паркынын 90% суюлтулган жаратылыш газын колдонот.

Эки апта мурун май куюучу жайларда суюлтулган газдын бир литри 2 сомони 50 дирамдан сатылса, учурда 4 сомониден (0,39 доллар) сатылууда.

Май куюучу жайлар суюлтулган газдын запасы азайганын, буга байланыштуу айрым жерлерде ал чектелүү өлчөмдө сатылып жатканын билдиришүүдө.

Тажикстан суюлтулган жаратылыш газын Казакстандан, анын ичинде «Актөбемунайгаз» компаниясынан сатып алат.

Апрелдин аягында бул компания суюлтулган газды Өзбекстандын Бекабад станциясына чейин 105-125 доллардан жеткирген. Июлдун биринчи жарымында компаниянын суюлтулган газы 350-380 долларга көтөрүлгөн.

В Таджикистане цена на сжиженный газ выросла почти в два раза
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00
XS
SM
MD
LG