"Бир күндө канча сөөк көмүлүп жатканын айта албайбыз. Бирок карантинге чейинки маалга караганда эки эсеге көбөйгөнү анык", – деди компаниянын өкүлү.
Анын айтымында, карантинге чейин күнүнө орто эсеп менен 25-27 киши жерге берилсе, азыр бир эле Батыш көрүстөнүндө 30га чейин сөөк көмүлүүдө. Мүрзөлөр трактор менен казылууда.
Буга чейин Алматы моргдорунда узун кезек жаралганы кабарланган.
13-июлдагы маалыматка караганда, Казакстанда 62 миңдей киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, 375 бейтап көз жумган. Бул тизмеге пневмониядан өлгөндөр киргизилген жок.
Бул арада Казакстан карантинди 2-августка чейин узартты. Өлкө 13-июлда коронавирустан өлгөндөргө аза күттү.