Ссылки доступа

Ысык-Көлгө киргендердин дене табы текшерилип жатат (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Ысык-Көлгө киргендердин дене табы текшерилип жатат. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Балыкчы шаарындагы фитосанитардык бекетте Ысык-Көлгө кирген ар бир кишинин дене табы текшерилип, өткөрүлүп жатат. (сүрөт баян)

- Сузакта оорукана толуп, бейтаптар кыйналды. Сузак райондук ооруканасы пневмонияга чалдыккан бейтаптарды кабыл албай жатат. Алдын ала даярдалган 100 орунда учурда 108 адам дарыланууда. Алардын ичинен 50 бейтаптын абалы оор. (видео)

- «Жөнөкөй парацетамол да жок...». Илдет күчөгөндө дары көздөн учту. Кыргызстанда коронавирус пандемиясында дары-дармек табуу машакатка айланды. 12-июлда сейрек дарылардын бири «Гепарин» сатыкка чыкканы менен, ага кезекке тургандар көп. Айрым дарыларды чет өлкөдөн гана табууга болот. (видео)

- Эмне үчүн хижама кооптуу? Коронавирустан өпкөсү кагынгандарга “хижама даба экени” тууралуу видео соцтармактарга желдей тарады. Дарыгерлер бул ыкмага таптакыр каршы. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус менен күрөштө ар кандай мифтерге ишенип, өз билгениндей дарылануудан баш тартууга үндөп келет. (видео)

- «Бизге 42 500 теңге керек эмес». Петропавловск шаарында соодагерлер базарды жабууга каршы болууда. (Казакстандан видео)​

- Казакстан коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошулду. (инфографика)

- Бишкек: моргдун алдында кезек жана көз жаш. (видео)

- Тажикстанда суюлтулган газдын баасы эки эсеге жогорулады. (видео)

- Жаңы смартфон сатып алгыла! Интернеттин начардыгына даттанган тажикстандыктарга бийликтин берген жообу. (Настоящее время)​

- Карантин, 40 градус ысыкта суусуз калган шаар. (Казакстандан видео)

- Ак халатчан ыктыярчы кыз көз жумду. Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын студенти пневмониядан каза болду. (видео)

- Тажикстандык саясий активист Хизбулло Шовализода камакта калат. (видео)

- 42 500 теңге. Казакстан өкмөтү карантинде ишсиз калгандарга жөлөк пул төлөөнүн кийинки айлампасын баштайт. (видео)

- «Газпромдун» заводунда иштеген өзбекстандык эмгек мигранттары көтөрүлдү. (Настоящее время)

- Казакстанда окуучулар жаңы окуу жылында да аралыктан билим алышат. (видео)​

- Дарыкана менен ооруканага кезек күткөндөр көбөйдү. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күчөп, башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү. (сүрөт баян)

- Москвада короо шыпыруучу мигранттардын айлыгы азайды. (видео)

- Зеленский мамлекеттик резиденцияга көчтү. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG