Ссылки доступа

Орусияда мигранттардын козголоңунан кийин курулуш компаниясы алардын айлыгын төлөп бермей болду


Амур облусундагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш аянтында иштеген мигранттар менен жетекчилик бир пикирге келди.

Курулуш компаниясы жумушчулардын патент жана башка документтерине кеткен чыгымдарын төлөп бермей болду.

Мындан тышкары уюм карантинге байланыштуу эки ай иштебей калган жумушчуларга 20 миң рублдан төлөп берүүнү чечти. Эмгек мигранттары Курман Айтка карата 5 миң рубль алат.

Ошол эле маалда жетекчилик жумушчулардан башаламандыкты токтотуп, ишти баштоону талап кылып, болбосо тополоңго катышкан мигранттардын тизмесин укук коргоо органдарына өткөрүп берерин билдирди.

13-июлда Орусиянын Амур облусундагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш аянтында ондогон өзбек жана тажик мигранттары нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар компания айлык акыны кечиктирип жатканын, патент үчүн акча кармап калганын билдиришкен.

Амур облусунун Свободный шаарындагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш аянтында Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 15 миңден ашуун мигрант иштейт.

XS
SM
MD
LG