Ссылки доступа

Азербайжан Армян АЭСине ракетадан соку урушу ыктымал экенин эскертти


Армян АЭСи
Армян АЭСи

Азербайжан коргоо министрлиги Армениянын атомдук электростанциясына ракетадан сокуу урушу ыктымал экенин айтып, опузалады.

Бул тууралуу АЗЕРТАДЖ агенттиги жазды.

“Армян тарап биздин армиянын жаңы ракеталык системасы жогорку тактык менен Мецамор АЭСин бузууга жөндөмдүү экенин унутпашы керек. Бул Арменияны ири катастрофага алып келиши мүмкүн,” — деген Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы, полковник Вагиф Даргяхлы.

Буга чейин Армения Азербайжандагы Мингечевир суу сактагычындагы плотинага сокку урушу мүмкүн экени тууралуу маалыматтар тараган.

Армян АЭСи 1976-жылы пайдаланууга берилген. Станция өлкөдөгү электр кубатынын үчтөн бирин өндүрөт. 1-июлдан тартып 3-сентябрга чейин ремонтко жабылган.

Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен. Түштүк Кавказдагы эки коңшу мамлекет соңку жагдай боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат.

Төрт күндөн бери токтобой жаткан кагылышта эки тараптан 16 адам каза тапты. Баку армиянын генералы, полковниги баштаган 11 аскерин жоготту, Ереван төрт жоокеринен айрылды.

XS
SM
MD
LG