Ссылки доступа

Казакстанда COVID-19дан 51 медицина кызматкери көз жумду


Казакстанда коронавирус илдетинен 51 медицина кызматкери көз жумду.

Бул тууралуу 16-июлда өткөн брифингде товар менен кызмат сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Тимур Султангазиев билдирди.

“Азаттыктын" маркумдардын канчасы коронавирустан, канчасы пневмониядан кайтыш болду?" деген суроосуна Тимур Султангазиев: "бул маркумдардын баары коронавирустан көз жумган деп саналат” деп жооп берди.

Ал учурда канча дарыгер вирус жуктуруп алганын жана өлгөн медицина кызматкерлеринин туугандарына өкмөт убада кылган 10 миллион теңге (24,2 миң доллар) төлөнгөнүн же төлөнбөгөнүн айта алган жок.

Казак бийлиги инфекция жуктуруп алган медицина кызматкерлерине эки миллион, өлгөндөргө 10 миллион теңге төлөөгө убада берген.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны 65 миңден ашты. 39 миңдей бейтап сакайды, 396 киши көз жумду.

Видео

XS
SM
MD
LG