Бул жол Борбор Азияны Кытай менен байланыштырып, эл аралык мааниге ээ. Маалыматка караганда, коронавируска байланыштуу жолду куруп жаткан кытайлык компаниянын 45 адиси Тажикстанга келе албай жатат. Жергиликтүү жумушчулар аларсыз жолду жай курушууда.
Душанбе – Бохтар магистралынан суткасына он миң автоунаа өтөт. Ошол эле маалда жолдун көп бөлүгүнө асфальт төшөлө элек.
План боюнча 2020-жылы курулуштун биринчи айлампасы аягына чыгып, 33 чакырымы асфальтталышы керек болчу. Тажикстан жолду 2022—жылы толугу менен бүтүрүүнү көздөп жаткан.
Жолдун биринчи бөлүгүн курууга Азия өнүктүрүү банкы каражат бөлгөн.