Ссылки доступа

Ак үй Кытайдагы бардык коммунисттердин АКШга кирүүсүнө тыюу салышы мүмкүн


АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытай компартиясынын бардык мүчөлөрүнө, алардын жакындарына өлкөгө кирүүгө тыюу салуу ыктымалдыгын караштырууда.

Бул тууралуу The New York Times гезити менен Reuters агенттиги өз булактарына таянып билдиришти.

Эгер Ак үй мындай чечим кабыл алса, Кытайдын 150 миллиондон кем эмес жараны АКШга кире албай калышы мүмкүн.

Ушу тапта АКШнын жогорку кызматтагы аткаминерлери президенттин тиешелүү жарлыгын даярдоо менен алектенишүүдө.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Ак үйдүн басма соз катчысы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

2018-жылы АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу башталган. Анда Трамп Бээжин америкалык өндүрүүчүлөрдүн позицияларын начарлатып жатканын билдирип, бир катар кытай товарлары үчүн бажы төлөмдөрүн көбөйткөн. Кытай буга ушундай эле чечими менен жооп берген. Кийинчерээк Вашингтон Кытайды технологияларды уурдоого айыптаган. Быйыл жыл башында тараптар бул жаңжал жөнгө салынганын билдиришкен. Бирок акыркы чечим кабыл алууга коронавирус пандемиясы тоскоолдук кылып, азыр маселе каралбай турат.

Ак үй Кытай коронавирус жаңы башталгандагы чыныгы маалыматтарды жышарган деп шек саноодо. Мындан тышкары Вашингтон Бээжинди Гонконг жашоочуларынын жарандык эркиндигин бузууга айыптап келет.

Кытай Коммунисттик партиясынын 92 миллионго жакын мүчөсү бар. Анын уставында партия өз ишинде Мао Цзэдундун, Дэн Сяопиндин теорияларын, социализм тууралуу марксизм-ленинизмдин жана Си Цзиньпиндин идеяларын колдонору жазылган.

XS
SM
MD
LG