Ссылки доступа

Казакстанда миастения оорусун дарылоодо колдонулчу препарат жок болууда (видео)


В аптеках Казахстана пропал преднизолон. Виноват COVID-19 или действия властей?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

Казакстандагы дарыканаларда миастения менен ооругандарды дарылоо үчүн колдонулчу гормоналдык преднизолон препараты жок болууда.

Акыркы айларда бул дары коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого да сунушталып, калк арасында суроо-талап кескин жогорулаган.

Буга байланыштуу миастения менен жабыркаган казакстандыктар өлкөнүн саламаттык сактоо министине жардам сурап кайрылууга аргасыз болушту.

«Мен бул дарыны эки күндө сегиз таблеткадан ичип турам, айрымдар 12ден ичишет. Бул гормон бизге дем алууга жардам берет. Дары жок болсо бир нече күндүн ичинде өлүп калышыбыз мүмкүн», — деди Нур-Султан шаарынын тургуну Орынтай Капенова.

«Бул дарыны 17 жылдан бери ичем. Мен сыяктуу миастения менен жабыркагандардын өмүрү үчүн өтө маанилүү препарат. Аны бир эле жолу ичпей калсам, органдарым иштебей калышы мүмкүн», — деди Анар Хамитова аттуу шаардын дагы бир тургуну.

Алар өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цойго видеокайрылуу жасап, преднизолонду мамлекет акысыз камсыз кылышы керек болгон дарылардын тизмесине кошууну өтүнүштү.

Миастения – булчуңдардын ишине жооп бере турган гендердеги түрдүү белоктордун мутациясы менен байланышкан аутоиммундук оору. Ал организмдеги түрдүү булчуңдарды жабыркатат.

XS
SM
MD
LG