Ссылки доступа

Коронавирустан улам кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр токтоп турат


Коронавирустан улам кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтоп турат.

Бул тууралуу Тажикстандын Жер жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2020-жылдын башынан бери беш жолугушуу өткөрүшкөн.

«1-мартка чейин топографиялык жумушчу топтор эки өлкө ортосундагы жер алмашуунун макулдашылган вариантын иштеп чыгышкан. Бул боюнча өз корутундубузду өкмөткө жөнөткөнбүз», — деди Хожазода.

Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкелер болуп саналат.

Буга чейин айрым булактар тараптар 1-мартка чейин такталган тилкелердин катарына дагы 111 чакырымды кошулушу керектигин билдиришкен.

Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жерден улам эки тарап жаңжалдашкан окуялар, адам өлүмү менен аяктаган ок атышуулар маал-маалы менен катталып турат.

XS
SM
MD
LG