Ссылки доступа

COVID-19: Ташкентте бейтаптарды ооруканаларга бөлүштүрө турган борбор ачылууда


Ташкенттеги «Узэкспоцентр» көргөзмө комплексинин аянтында коронавируска шектелген бейтаптарды ооруканаларга бөлүштүрүүчү борбор ачылууда.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 500 орунга ылайыкташкан борбордо COVID-19дун белгилери бар бейтаптарга алгачкы жардам көрсөтүлүп, диагноз коюлат. Андан соң шаардагы ооруканаларга бөлүштүрүлөт.

Борборду ачууга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөгөнү айтылууда. Азырынча калаа башчысы Жахонгир Артыкхожаевдин демилгеси менен түзүлгөн жайдын каржы булагы тууралуу маалымат жок.

13-июлда Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борборунун директору Обид Хакимов Ташкентте коронавирус жуктургандар дарылана турган 3580 орундуу 16 медициналык жай толуп калганын билдирген.

Ага чейин Ташкент облусунун Зангиата районунда ачылган 1000 орундуу жаңы курулган ооруканада бир жуманын ичинде эле орун жок калганы кабарланган.

15-июлда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев видеоселектордук жыйын өткөрүп, Ташкентте коронавирустун алдын алуу чараларын жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгы үчүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов менен баш калаанын мэри Жахонгир Артыкхожаевге сөгүш жарыялаган.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда 16 966 киши коронавирус жуктуруп, 88 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG