Ссылки доступа

Душанбеде кесиптешин өлтүргөн автоунаа жуугуч 14 жылга соттолду


Диловаршо Шомиров
Диловаршо Шомиров

Душанбе шаарынын Шохмансур райондук соту автоунаа жуучу жайдын кызматкерин өлтүрүүгө айыпталган Абдулмумин Халиловду 14 жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары Диловаршо Шомировдун өлүмүнө байланыштуу Республикалык соттук-медициналык экспертизанын кызматкерине каршы иш козголуп, издөөгө алынды.

Шомировдун сөөгү 22-мартта Душанбедеги текстиль фабрикасына жакын жерде табылган. Эки күндөн кийин Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы ал инсульттан өлгөнүн билдирген. Кийинчерээк анын сабалганы аныкталып, автожуугуч жайда аны менен чогуу иштеген Абдулмумин Халилов кармалган.

Републикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери Диловаршонун сөөгү биринчи жолу каралганда инсульттун белгилери болгонун, кийин терең экспертиза жүргүзүлүп, ал ур-токмоктон өлгөнү аныкталганын маалымдады.

Прокуратура жалган бүтүм чыгарган судмедэкспертке каршы кылмыш ишин козгоду.

Душанбе шаарынын ички иштер башкармалыгы Шомировду өлтүрүү айыбы менен анын кесиптеши кармалганын билдирген. Сурак учурунда Аблулмумин Халилов чыр автоунаа жууй турган каражаттан улам чыкканын, кесиптешин муштап жибергенде, ал жерге жыгылып жан бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG