Ссылки доступа

БАЭ Марска алгачкы араб космикалык миссиясын жөнөттү


Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) «Аль-Амаль» («Үмүт») деп аталган космикалык зондун Марска учурду.

Дүйшөмбүгө караган түнү Жапониянын H-IIA ракета-алып жүрүүчүсү менен Танэгасима аралындагы космодромдо учурулган «Аль-Амаль» кызыл планетага жети айдын ичинде жетет деп күтүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, зонд 430 чакырым бийиктикте ракета-алып жүрүүчүдөн ийгиликтүү ажырады.

Алгач ракетаны учуруу 14-июлга белгиленген, бирок аба ырайына байланыштуу эки жолу кийинкиге жылдырууга туура келген.

Маалыматка караганда, «Аль-Амалдын» салмагы 1350 килограммды түзөт. Ал эки күн батареясы, көп каналдуу камера, инфракызыл жана ультрафиолет спектрометрлер менен жабдылган.

БАЭ бийлиги миссиянын максаты — атмосфераны, климаттык шарттарды жана жыл мезгилдеринин алмашуусун изилдөө экенин билдирди. Анын баасы 200 миллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG