Ссылки доступа

Амур облусунда эмгек мигранттарынын козголоңунан кийин 11 киши кармалды


Орусиянын Амур облусунда мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулуш аянтында тополоң чыгарган 11 киши кармалды.

Бул тууралуу Орусия Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы билдирди. Кармалган кишилер жапырт башаламандыкка катышууга шектелүүдө.

13-июлда өзбекстандык эмгек мигранттар патент үчүн кармалып калган акчаларын кайтарып берүү талабы менен иш ташташкан.

Соттун чечими менен компаниянын эки кызматкери камалды, калгандарынын баш коргоо чарасы каралууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, алар курулуш аянтындагы кеңселерди, дүкөн жана мобилдүү байланыш салонун талкалашкан.

Тергөөчүлөр документтерди текшерип, маянаны убагында төлөбөй коюу фактыларын тапкан эмес. Алардын пикиринде, патент үчүн акча кармап калуу башаламандыкка себеп болгон.

Мигранттардын нааразылыгынан кийин “Газпром” заводунда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Ренессанс Хэви Индастрис" компаниясы патент акысын кайтарууга, мындан тышкары карантин учурунда жумуш токтоп калганына карабай, эки ай үчүн жумушчуларга 20 миң рублдан төлөп берүүгө макул болгон. Эмгек мигранттары Курман айтка карата кошумча 5 миң рублдан алат.

Ошол эле маалда жетекчилик жумушчулардан башаламандыкты токтотуп, ишти баштоону талап кылып, болбосо тополоңго катышкан мигранттардын тизмесин укук коргоо органдарына өткөрүп берерин билдирген.

Амур облусунун Свободный шаарындагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш аянтында Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 15 миңден ашуун мигрант иштейт.

Видео

XS
SM
MD
LG