Ссылки доступа

Украинанын батышында автобустун 20 жүргүнчүсү барымтага алынды


Луцк шаары
Луцк шаары

Украинанын батышындагы Волынск облусунун борбору Луцк шаарында куралчан киши автобустагы 20 кишини барымтага алды.

Бул тууралуу облустук полиция кабарлады.

Автобус жайгашкан шаардын борбордук бөлүгүндөгү аянт курчалды. Полиция кишилерди барымтага алган террорчу менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Анын ким экени аныкталды, бирок полиция аты-жөнүн атай элек. Ал соцтармактарга системага нааразы экенин жазганы айтылууда.

Полициянын маалыматына караганда, барымтачы куралчан, жардыруучу заты да бар. Автобусту тартып аларда ал бир нече жолу ок чыгарган, жабырлануучулар жөнүндө маалымат жок.

XS
SM
MD
LG