Ссылки доступа

Египеттин парламенти Ливияга аскерлерди киргизүүгө уруксат берди


Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси (оңдо) Орусиянын коргоо министри Сергея Шойгуну кабыл алууда. 12-ноябрь 2019-жыл, Каир шаары
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси (оңдо) Орусиянын коргоо министри Сергея Шойгуну кабыл алууда. 12-ноябрь 2019-жыл, Каир шаары

Египет парламенти башка өлкөлөрдүн аймактарына аскерлерди киргизүүгө уруксат берген токтом кабыл алды.

Буга чейин өлкө президенти Абдель Фаттах ас-Сиси Ливиянын аймагындагы Түркия колдогон куралдуу топко каршы аскердик аракеттерди баштай турганын билдирген.

Парламенттин токтомунда египет аскерлери «батыш фронтто» жайгашуусу керектиги жазылган. Ливия Египеттин батыш бөлүгү менен чектешет.

Батыш басылмаларынын белгилешинче, бул Ливияда египет жана түрк аскерлеринин түздөн-түз кагылышуусуна алып келиши мүмкүн.

Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Орусия Ливиядагы козголоңчу генерал Халиф Хафтар жетектеген топту колдойт. Июндун башында Хафтар баш калаа Триполиге чабуул жасоодон баш тарткан — анын алдында Түркия Триполидеги Ливиянын өкмөтүн колдой турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG