Ссылки доступа

Адвокат: Батукаевдин ишин шаардык сотто шашылыш кароо мыйзамсыз


Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кароо экинчи инстанцияда – Бишкек шаардык сотунда 23-июлда каралмай болду.

Бул тууралуу «Азаттык» негизги айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевге шилтеме берүү менен билдирди.

Ал биринчи инстанциянын өкүмү 23-июнда чыкканын белгилеп, алар 23-июлдун өзүн кошкондо 30 күнгө чейин даттанууга укугу болгонун, аларды күтпөй эле соттук кароо шашылыш белгиленип калганын жазды.

«Бул жагдайда Бишкек шаардык соту иш боюнча айыпталуучуларды актоого же тескерисинче биринчи инстанциянын мыйзамсыз, негизсиз жана акыйкатсыз чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргизилишине шашылып жатат»,-деп белгилейт Замир Жоошев.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы иштин датасы 23-июлга белгиленгенин ырастап, бул иш жашыруундук грифи менен каралып жаткандыктан, кайсы тараптын даттанганы тууралуу маалымат бере албай турганын билдирди.

23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлктөрүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынган. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болгон.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери бул айыптоолордун бардыгын саясий буюртма катары баалап келатат.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Буга байланыштуу Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалган.

XS
SM
MD
LG