Ссылки доступа

Тажикстанда окуу акысы жогорулоодо


Жаңы окуу жылында Тажикстандагы айрым жогорку окуу жайлар (ЖОЖ) менен жеке мектептерде билим берүү акысы жогорулайт деп күтүлүүдө.

Буга чейин өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Абдумаджид Муминзод университеттер азыркы билим берүү акысын аз деп эсептеп, аны 40% жогорулатууга ниеттенип жатышканын билдирген.

Азыркы тартипке ылайык, ЖОЖдордогу окуу акысы суроо-талапка жана билим берүүнүн өздүк наркына жараша болот.

Балдары келишимдик негизде окуган тажикстандыктардын көбү билим берүү акысынын жогорулашы алар үчүн оор сокку болот деп тынчсызданышууда.

Душанбенин тургундары айрым жеке мектептер билим берүү акысын жогорулатканын билдиришүүдө. «Буга чейин жылына 12 500 сомони төлөчүбүз. Эми 14 500 төлөшүбүз керектигин айтышты. Болгондо да бул сумманын жарымын сентябрда беришибиз керек экен», — деди шаардын Мавлюды Каримова аттуу тургуну.

Билим берүү министрлиги азырынча аларга келишимдик негизде билим алган студенттер үчүн окуу акысын жогорулатуу өтүнүчү менен эч ким кайрыла электигин билдирди.

Билим берүү тармагындагы эксперттер өлкөдөгү айлык акы өлчөмүнө салыштырганда окуу акысы жогору экенин, мындан улам тескерисинче аны 40% төмөндөтүү керектигин айтышууда.

Тажикстан ЖОЖдорундагы билим берүү акысы 200 доллардан 2000 долларга чейин жетет. Өлкөдөгү 40 окуу жайда 200 миңден ашык студент билим алат. Аларда окуу акысы дээрлик жыл сайын 10% кымбаттап турат.

Улуттук тестирлөө борборунун маалыматына караганда, быйыл абитуриенттер үчүн бөлүнгөн 87 миң орундун 19 миңи гана бюджеттик орундар. Өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттердин 75% келишимдик негизде билим алышат.

Видео

XS
SM
MD
LG