Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: дагы 800 миң казакстандык жакырчылыктын жеткен чегине кептелет


Дүйнөлүк банктын эксперттери Казакстандын экономикасы 1990-жылдан бери биринчи жолу үч пайызга кыскарышы мүмкүн деп эсептешет.

Эл аралык институттун 22-июлда жарыялаган баяндамасында казак экономикасы 2021-жылы 2,5 пайыз деңгээлинде калыбына келери күтүлүп жатканы айтылган.

Дүйнөлүк банктын божомолдору боюнча 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли мурда күтүлгөндөй 8,3 пайыз эмес, 12,7 пайызга чейин көбөйүшү ыктымал. Муну менен кошумча 800 миң кишинин колу жукарат.

Казакстанда быйыл биринчи чейректе ички дүң өнүм 2,3 пайызга өскөнү менен, коронавирус инфекциясы жайылган кийинки айларда абал кыйындап, чийки товарлардын баасы төмөндөп, соода көлөмү кыскарган. Инвестициянын агымы азайып, улуттук валюта кунун жоготуп, инфляция өскөн.

Эл аралык каржы институту казак бийлиги калктын аярлуу катмарына жардам берүү мүмкүндүгүн карап, өндүрүш активдерин коргоп, экономиканы калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтө турган реформаларды тездетиши керектигин белгилейт.

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны расмий санак боюнча 75 миңден ашты. Чын-чынына келгенде илдетке кабылгандар алда канча көп. Өкмөт 1-августтан тарта өпкөсү кагынгандар менен вирус жуктуруп алгандардын статистикасын бириктирүүгө убада берген.

Видео

XS
SM
MD
LG