Ссылки доступа

Азербайжан менен Армения чек арадагы кагылышуу үчүн кайрадан бири-бирин күнөөлөштү


Азербайжан менен Армения чек арасында кайрадан кагылышуу болду. Тараптар бири-бирин ок атпоо режимин бузууга айыпташты.

Армения Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян “Фейсбуктагы” баракчасына азербайжан аскерлери алты калктуу конуштагы армян позицияларын аткылаганын жазды. Эки өлкөнүн атайын бөлүгүнүн аскерлери да кагылышканы айтылууда.

Азербайжан Коргоо министрлиги армян армиясы сутка ичинде 38 жолу ок атпоо режимин бузганын билдирди.

Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен.

Бир канча күнгө уланган кагылышта эки тараптан 16 адам каза тапканы айтылган. Баку армиянын генералы, полковниги баштаган 11 аскерин жоготуп, Ереван төрт жоокеринен айрылган.

Бириккен улуттар уюму баштаган эл аралык уюмдар, АКШ, Орусия өңдүү мамлекеттер тараптарды ачууга алдырбоого, ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактоого чакырышты.

Видео

XS
SM
MD
LG