Ссылки доступа

Лукашенко «Би-Би-Си» жана «Эркин Европа/Азаттык» радиолорунун журналисттерин өлкөдөн чыгарууну талап кылды


Беларустун президенти Александр Лукашенко элди «массалык башаламандыктарга чакырган» чет элдик журналисттерди өлкөдөн чыгарууну талап кылды.

Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги кабарлады.

23-июлда Минскидеги жыйында сүйлөп жатып президент өкмөт мүчөлөрүн өз ишин жакшы аткарып, элге болуп жаткан окуяларды жакшыраак түшүндүрүүгө чакырды.

Лукашенко «Би-Би-Си», «Эркин Европа/Азаттык» радиолорун жана бир катар интернет сайттарды сынга алып, журналисттерди «массалык башаламандыкка үндөп жатышат» деп айыптады.

«Шайлоо кампаниясынын аякташын күтпөй, мыйзамдарды урматтабаса, майданга чакырышса, аларды өлкөдөн чыгарып жибергиле», - деди мамлекет башчы.

9-августка белгиленген президенттик шайлоо алдында Беларуста Лукашенконун негизги оппозициялык атаандаштары жарыштан четтетилип, кээ бирлери камакка алынды. Нааразылык акцияларды чагылдырган журналисттер да кармалууда.

14-15-июль күндөрү кармалгандардын арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын кабарчылары да бар. Бул күнү Антон Трофимович аттуу журналист сабалган.

Радионун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар «түз эфирди жүргүзүп жаткан кесиптештербиздин полициянын чабуулуна туш болгону - бийлик элди ишеничтүү маалыматтардан ажыратууну көздөгөнүнөн күмөн жаратпайт» деп билдирди.

XS
SM
MD
LG