Ссылки доступа

Анжияндын башчысы брифинг алдында журналисттерге 500 доллардан таратып берди


20-июлда Анжиян облустук акимчилигинин имаратында өткөн брифингге 20дан ашык журналист катышкан
20-июлда Анжиян облустук акимчилигинин имаратында өткөн брифингге 20дан ашык журналист катышкан

20-июлда Анжиян облусунун башчысы Шахрат Абдурахмановдун катышуусунда өткөн коронавируска каршы күрөшүү боюнча брифингде журналисттерге 5 миллион сумдан (дээрлик 500 доллар) таратылып берилди.

Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы таратылган акча бир ай мурда, 27-июнда белгиленген журналисттердин профессионалдык майрамына карата «акимдин белеги» экенин билдирди.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү журналисттердин бири аларга акча таратылганын ырастады.

– Басма сөз кызматы журналисттерге телефон чалып, «Силерге белек бар, брифингге келип кеткиле» деп айтышты. Брифингдин башталышында 20 жакын журналистке «акимдин белеги» деп 5 миллион сумдан таратып беришти. Аягында аким телефонун берип, «маселе жаралса телефон чалгыла, чогуу чечебиз» деп айтты», — деди ал.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген дагы бир журналист маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө акча берүүнү кызыкчылыктар кагылышы деп эсептей турганын билдирди.

– Журналисттердин суроолоруна жооп берүүнүн ордуна аким аларга акча таратты. Муну кантип түшүнүүгө болот? Бул журналисттерди сатып алуу аракети эмеспи? Аким аткаруу бийлигинин, журналист төртүнчү бийликтин өкүлү болуп эсептелет. Эгер облус башчысынын ошончолук акчасы көп болсо жакыр жашагандарга бөлүп бербейби. Анжияндагы телеканалдарды көрсөңөр, күнү-түнү акимди макташат. Албетте мындай белектерди алып жатса мактайт да», — деди ал.

Шахрат Абдурахманов буга чейин да «Анжиян» футболдук клубунун оюнчуларына, пахта тергендерге, акындарга, бийчилерге белек катары акча жана кымбат автоунааларды берип келген.

Ал ортодо социалдык түйүн колдонуучулары аткаминер кымбат белектерге акчаны кайдан алып жатканына кызыгышты. Жооп катары Абдурахманов «белектерди ар кимге эмес, өз элине берип жатканын» айтып, бирок киреше булагын ачыктаган жок.

XS
SM
MD
LG