Ссылки доступа

Пентагон согуштук учагы менен Ирандын лайнери бири-бирине жакын учканын ырастады


АКШнын Коргоо министрлиги Сирияда америкалык F-15 согуштук учак менен Ирандын Mahan Air компаниясына таандык учак бири-бирине жакын учканын ырастады.

Пентагондун өкүлүнүн айтымында, өлкөнүн аскер-аба күчтөрү учакты кадимки визуалдык текшерүүдөн өткөрүштү.

Америкалык аскерлер F-15 учагы миң метрге жакын коопсуз аралыкта болгонун, экипаж эл аралык стандарттарга ылайык аракеттерди көргөнүн билдиришүүдө.

Буга чейин Reuters агенттиги Ирандын расмий басылмаларына таянып, согуштук учак жакындагандан кийин Mahan Air компаниясынын пилоту кагылышуудан качуу үчүн шашылыш түрдө бийиктикти өзгөртүүгө аргасыз болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, учкучтун бул аракетинен улам бир нече жүргүнчү жаракат алган. Кийинчерээк Тегерандан чыккан учак ийгиликтүү түрдө Ливандын баш калаасы Бейрут шаарына конгон.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяга байланыштуу тиешелүү юридикалык жана саясий чараларды көрөрүн билдирди. Тегеран Бириккен Улуттук Уюмунун баш катчысы жана АКШнын Ирандагы кызыкчылыктарын коргогон Швейцариянын элчилиги менен байланышканы кабарланууда.

АКШ менен Израиль Mahan Air компаниясын көптөн бери Сириядагы жана башка өлкөлөрдөгү жихадчыларга курал-жарак ташыйт деп айыптап келишет. 2011-жылы АКШ бул авиакомпанияга каршы санкцияларды киргизген.

Жакынкы Чыгыштагы абал 23-июлда кайрадан курчуган. Буга Израиль Сириянын аймагында ливандык «Хезболла» радикал тобунун жоочусунун өлүмүнө байланыштуу жооптуу чаралардан кооптонуп, Ливан менен чек арасына кошумча күчтөрдү тартканы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG