Ссылки доступа

Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды


"Азаттык" билдиргендей, 30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 27-июлда кол койду.

Президенттин жарлыгында: “Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде өлкөнүн бардык аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн”, - деп жазылган.

Мындан тышкары маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялары аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларды жана берүүлөрдү уюштурбайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 инфекциясынын дүйнө жүзүнө жайылышын пандемия деп жарыялаган 11-марттан бери Кыргызстанда 1301 адам бул илдеттен каза болгону расмий маалымалды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө инфекция жугузуп алгандардын жалпы саны 33 296га жетти. Алардын ичинде 2 683 медициналык кызматкер бар. Оорудан 21 205 адам сакайып чыкты.

XS
SM
MD
LG