Ссылки доступа

Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан жабыркаган тургундар компенсация ала албай жатышат


Өзбекстанда «Сардоба» суу сактагычындагы дамбанын жырылып кетүүсүнөн жабыркаган жергиликтүү тургундар президент убадалган 40 миллион сумдук (4 миң доллар) компенсацияны ала албай жатышканын билдиришүүдө.

Быйыл 1-майда дамба жырылгандан кийин каптаган суудан Сырдарыя облусуна караштуу Сардоба районунун «Дустлик» маалеси көбүрөөк зыянга учураган. Ушу тапта мааленин 50гө жакын тургуну эвакуацияланган адамдар жайгаштырылган имараттарда жашап жатышат.

– Бийлик суу каптаган жердеги мен жана төрт бир тууганым жашаган көп кабатуу үйлөрдү бузган. Президент убадалаган 40 миллион сумдук компенсацияны бир иним гана алды. Калгандарыбызга бир тыйын да бериле элек. Облустук, райондук акимчиликтерге кайралганыбыздан майнап чыккан жок, баары тең биз көп кабаттуу үйдө жашагандыктан маселени чечип бере албай тургандыктарын айтып жатышат. Көп кабаттуу үйдө жашаганыбыз менен короодо уй сарайыбыз, мончобуз бар болчу. Суу каптаганда алардын баары жарабай калды, — деди Орзу Ахмедова аттуу жергиликтүү тургун.

Сардоба райондук акимчилигинен «Дустлик» маалесинин жашоочулары айтып жаткан көйгөйлөр жөнүндө кабардар экенин билдиришти.

– Биринчиден, биз аларга курулуп жаткан көп кабатуу үйлөрдөн батирлерди берели деп жатабыз. Экинчиден, аларга өзүбүздү билип компенсация төлөп бере албайбыз. Анткени суу каптаганга чейин алар көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарында жашашкан. Бекитилген эрежеге ылайык, аларга 20 миллион сум гана компенсация берилиши керек. Алар короодо тооккана, уй сарайлары болгонун айтып жатышат. Бирок алардын колунда кадастрдык документтери жок болгондуктан, ал курулуштары мыйзамсыз деп эсептелинет. Ошондуктан аларга президент убадалаган компенсация берилбейт, — деди акимчиликтин өкүлү.

Расмий маалыматка ылайык, мамлекет башчынын тапшырмасы менен облустагы суу каптоодон жабыркаган 4025 үйдүн ээлери 40 миллион сумдан компенсация алышы керек. Мындан тышкары ушундай эле суммада облустун дагы 1818 тургунуна материалдык жардам берилери кабарланган.

XS
SM
MD
LG