Ссылки доступа

Тажикстанда «Агроинвестбанктын» жооптуу кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду


Тажикстандын Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги «Агроинвестбанктын» жооптуу кызматкерлеринин тобуна каршы кылмыш иштерин козгоду.

Маалыматка ылайык, алар насыя берүүдө өлкө мыйзамдарын бузган деп айыпталып жатышат. Айыпталуучулардын аты-жөнү ачык айтылбагандыктан, алардан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Антикоррупциялык мекеменин башчысы Сулаймон Султонзода мыйзамсыз берилген насыялардын суммасы 391 миллион сомонини (39 миллион доллар) түзгөнүн билдирди.

Анын айтымында, мындай насыяларды алган бир катар компаниялардын өкүлдөрүнө да кылмыш иштери ачылды. Азырынча бул иш боюнча жалпы канча киши айыпталуучу катары өтүп жатканы белгисиз.

Өткөн жылы президенттик администрациянын тапшырмасы менен «Агроинвестбанктын» ишмердүүлүгү текшерилип, он миллиондогон сомони негизсиз чыгаша аныкталган. 2018-жылы банктын төрагасы Муродали Алимардон сурак берген.

«Агроинвестбанк» акыркы беш жылдан бери кризистик абалга кептелип, аманатчыларынын алдындагы карызы 730 миллион сомониге жеткен.

XS
SM
MD
LG