Анын айтымында, чет өлкөгө кете албай калган 76,2 жаран Өзбекстандын ичинде иштеп жатат. Алардын ичинен 68,7 миң киши коомдук жумуштарга тартылып, айлык маяналары үчүн Коомдук жумуштар фондунан 21,8 миллиард сум (2,1 миллион доллар) бөлүнгөн.
2020-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга эмгек миграциясында жүргөн 219 657 адам кайтып келген. Алардын 122 805и Орусиядан, 63 636сы Казакстандан, 7 144ү Түркиядан, 3 376сы Түштүк Кореядан, 22 697си башка өлкөлөрдөн келишкен.
Сурамжылоого катышкан чет өлкөдөн келген 201,4 миң өзбекстандыктын 100,6 миңи (50%) мекенинде жумушка орношконун билдиришкен.