Акордонун маалыматына караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын эске алып, чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу үчүн азырынча карантиндик чектөөлөр жумшартылбайт.
Күн мурун Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 3-августтан тартып өлкөдө акырындык менен карантиндик чектөөлөрдү жумшарта баштаса болорун билдирген. Ал кийинки жумада соода жана кызмат көрсөтүү тармагындагы бир катар ишканалардын иштөөсүнө уруксат берүүнү сунуштаган.
Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин айтымында, өлкөдө 5-июлдан бери туруктуу түрдө күнүнө 1500-1600 кишиден коронавирус аныкталууда. Айыккандар, тез жардам кызматына кайрылгандар азайып, стационарлардагы орундар 47% бошоду.
Казакстандын бийлиги 5-июлда киргизилген эки жумалык карантиндин мөөнөтүн 2-августка чейин узарткан.
Акыркы суткада Казакстанда коронавирус жуктурган 1 544 жаңы учур катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 86 192 кишиге жетти. Алардын ичинен 56 638 адам же илдетке чалдыккандардын 65% айыкты. Акыркы маалыматтар боюнча 793 бейтап каза болду.
Казакстанда COVID-19дан каза болгондордун статистикасына анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары башка оорулар көрсөтүлгөн миңдеген бейтап кошулган эмес.