Ссылки доступа

«Казакмыс» корпорациясындагы «адам өмүрүнө кол салуу» иши сотко өттү


Караганда шаарында «Казакмыс» корпорациясынын башкы директору Амангелди Минигуловдун «өмүрүнө кол салуу» боюнча кылмыш иши карала баштады. Бул маалыматты облустук соттун басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Караганда облусунун райондор аралык сотунда каралат.

Минигуловдун «өмүрүнө кол салууга» ошол кезде «Казакмыс» корпорациясынын кесиптик кошуунун жетектеп жүргөн Тогузбай Тажбенов айыпталууда.

Быйыл 21-январда Жезказган шаарындагы «Казакмыс» корпорациясынын кеңсесинде чыккан жаңжалдан Тажбенов каза болуп, эки киши бычактан жаракат алган. Облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, Тажбенов жаңжал учурунда тоо кен байытуучу комбинаттын директоруна жана корпорациянын дагы бир кызматкерине бычак менен кол салган. Андан соң өзүнө өзү бычак сайып мерт болгон.

«Казакмыс» Казакстанда жез чыгарган ири корпорация. Ал жезден тышкары алтын, күмүш жана коргошун өндүрөт. «Казакмыстын» ээси – Владимир Ким. Forbes журналынын версиясы боюнча былтыр анын байлыгы 4,6 миллиард долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG