Ссылки доступа

Ташкентте баласын 5 миң долларга сатууга аракет жасаган келин кармалды


Ташкентте ички иштер органдарынын кызматкерлери үч айлык баласын 5 миң долларга сатууга аракет жасаган келинди кармады.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, калаа тургуну арыз менен кайрылып, 21 жаштагы келин өз уулун 5 миң долларга сатып жатканын кабарлаган.

Бул маалыматтын негизинде Ташкент ИИБнын ыкчам кызматкерлери прокуратура кызматкерлери менен бирге атайын операция уюштурушкан. Натыйжада ымыркай үчүн акча алып жаткан жеринен келин жана аны менен бирге жашаган 24 жаштагы жигит кармалган.

Бул иш Юунусабад райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

.

XS
SM
MD
LG