Ссылки доступа

Тажикстанда 100дөн ашык бажы кызматкери аттестациядан өтпөй калды


Тажикстандын Бажы кызматындагы аттестациянын жыйынтыгында 100дөн ашык кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу мекеменин башчысы Хуршед Каримзода 30-июлдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аттестациянын жыйынтыгында 118 кызматкер иштен алынып, 36сы кызматтарынан төмөндөтүлдү.

«Алардын арасында катардагы кызматкерлер менен катар бажы бекеттеринин башчылары да бар. Аттестациялык комиссиянын курамында президенттин аткаруу аппаратынын өкүлдөрү да болду. Комиссиянын чечими боюнча эч кандай даттануулар болгон жок», — деди Каримзода.

Ал мекемедеги бошогон орундарга кызматкерлер үч баскыч менен конкурстук негизде тандалып алынарын кошумчалады.

Тажикстандын Бажы кызматында аттестация өткөрүү чечими 2019-жылы май айында президент Эмомали Рахмон мекеменин ишин кескин сындагандан кийин кабыл алынган. Анда Рахмон №1 бажы терминалынын мурдагы башчысы Шахбоз Раджабзоданын бир жарым жыл ичинде Душанбеден үч батир жана кымбат автоунаа сатып алганын айыптаган. Бул убакыт аралыгында ал лейтенант наамынан подполковник наамына чейин көтөрүлгөн.

Президенттин бул сынынан кийин бажы кызматкерлеринин иши текшерилип, мекеменин жеке курамы толугу менен аттестациядан өткөрүлө баштаган.

XS
SM
MD
LG