Өзбек бийлиги бюджеттен медиктерге дагы 100 миллиард сум бөлөт. Өкмөттүн чечимине ылайык, бул каражаттан бир жолку сыйлык катары дарыгерлерге беш миллион сумдан (500 доллар), ортоңку медицина кызматкерлерине төрт миллион сумдан (400 доллар) берилет.
Расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда 25 миңден ашык адамга коронавирус жугуп, 151 бейтап көз жумду. Расмий эмес булактарда ооругандар жана көз жумгандар мындан алда канча көп экени айтылууда. Ушул айда бийлик карантин чараларын кайталап күчөткөн.
Өзбекстанда төрөлгөн Алишер Усманов «Forbes» журналынын рейтинги боюнча Орусиядагы эң бай деген кишилердин тизмесинде жетинчи орунда турат.
2018-жылы АКШнын Финансы министрлиги Усмановду Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын олигархтардын бири катары атап, санкция салган.