Ссылки доступа

Кыргызстан Кытайдан 78 кычкылтек концентраторун сатып алды


Бишкек шаарына чартердик рейс менен 10 литрлик 78 кычкылтек концентратору 2-августта Кытайдан жеткирилди.

Өкмөт кабарлагандай, жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган. Аймактарга бөлүштүрүш үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлдү.

Буга чейин Кытайдан беш литрлик 1500 кычкылтек концентратору алынып келгени кабарланган. Өткөн жумада 10 литрлик 40 даана жабдык келген.

Ушул аптада дагы 350 жаңы аппарат келиши күтүлүп жатат.

Кыргызстан пандемияда Кытайдан жалпы 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Өкмөт ага канча акча кеткенин жарыялаган жок.

XS
SM
MD
LG