Ссылки доступа

Түркмөнстандын батышында учак менен антисептик чачылды


Түркмөнбашы шаарындагы мунайды кайра иштетүү заводу
Түркмөнбашы шаарындагы мунайды кайра иштетүү заводу

Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарына учак менен антисептик чачылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Курман айт майрамы белгиленген күндөрү чачылган антисептикке шаардагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен жана аскерлерден акча чогултулган. 70 миңден ашык киши жашаган Түркмөнбашы шаары өлкөнүн мунай кайра иштетүү өнөр жайынын борбору болуп эсептелет.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган бир дагы адам жок экенин билдирип келет. Ошол эле маалда июлдун аягында өлкөдөгү ири соода борборлор, базарлар, театрлар, сейил бактар жана кызмат көрсөтүү ишканалары убактылуу жабылган. Мындан тышкары темир жол жана аба каттамдары токтотулган.

Июлдун ортосунда Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Ашхабадды өлкөдө коронавирус бар болгондогудай аракеттерди көрүүгө чакырган.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы дээрлик ар бир үй-бүлөдө вирус жуктургандар же андан көз жумгандар бар экенин, өлүкканада сөөктү пластик баштыктарга ороп берип жатышканын бир нече жолу кабарлаган.

XS
SM
MD
LG