4-августта Тирананын прокуратурасы Зухуров АКШнын Германиядагы аскер мекемелерине чабуул уюштурууну пландаганын билдирди.
Июнь айында сот 24 жаштагы Зухуровду адилетсиз соттолуп, кыйноого кабылышы ыктымал деп мекени Тажикстанга экстрадициялоодон баш тарткан.
30-апрелде Албаниянын полициясы шектүү Интерпол менен чогуу өткөрүлгөн операция учурунда кармалганын билдирген. Маалыматка караганда Зухуров буйрутма киши өлтүрүү үчүн Албанияга келген.
Адвокаты Аслан Догжани шектүү немис бийлигинин айыптоолорун четке какканын билдирген. Анын айтымында, кармалганга чейин Зухуров Германияда жашап, февраль айында Албанияга эжесиникине конокко барган.
15-апрелде Германиянын бийлиги Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында теракттарды уюштурууга кам көргөн деп шек саналып төрт тажикстандык кармалганын билдирген.