Ссылки доступа

Штаб: Өзбекстанда коронавирустан өлгөндөр расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп


Өзбекстанда коронавирустан каза болгондор расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп болууда. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын мүчөсү Хабибулла Акилов билдирди.

«Расмий статистика менен чыныгы жашоодогу өлүмдөрдүн санында айырмачылыктар болууда. Эгер анализинен коронавирус табылган бейтап каза болсо, ал жалпы статистикага кошулуп жатат. Калгандарынын өлүмүнө пневмония себеп болгону жазылууда», — деди Акилов.

Расмий түрдө бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 161 бейтап каза болду. Ошол эле мааалда көз каранды эмес булактар өлгөндөр жалпы статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG