Ссылки доступа

Түркмөнстанда көчөдө беткапсыз жүргөндөргө айып пул салына баштады


Түркмөнстанда көчөдө беткап тагынбай жүргөндөргө айып пул салына баштады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Полиция беткапсыз жүргөндөрдү дароо кармап, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирип жатат. Ал жерден 60 манат (17 доллар) өлчөмүндө айып пул салып, мындан кийин беткапсыз көчөгө чыкпай тургандыгы жөнүндө тилкат жаздырып алышууда», — деди кабарчы.

Анын айтымында, полиция бөлүмдөрүнө беткапсыз автоунаа айдап жүргөн айдоочулар да жеткирилүүдө. Аларга кошумча 50 манаттан (14 доллар) айып пул жазылууда.

Расмий маалыматтар боюнча Түркмөнстанда коронавирус жуктургандар жок. Бирок өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги «абада чаң көбөйгөнүн» билдирип, жарандарга беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоону сунуштаган.

Ал ортодо «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып, бейтапканалар жарандардын коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын билдирип, ошол эле маалда ооруканалар бейтаптарга толуп калганын кабарлоодо.

Июлдун ортосунда Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Ашхабадды өлкөдө коронавирус бар болгондогудай аракеттерди көрүүгө чакырган. Мындан кийин Ашхабадда ири базарлардын, дүкөндөрдүн иши убактылуу токтотулган. Лебап облусунда коомдук жайлар, мечиттер жабылып, Мары шаарында той-аштарды өткөрбөө сунушталган. Өлкөнүн бардык аймактарында бийлик өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, жарандарды көчөгө чыкпоого жана беткап тагынып жүрүүгө чакыра башташкан.

XS
SM
MD
LG