Маалыматка караганда, орус-казак чек араларында Кыргызстандын 3 миңдей, Өзбекстандын 500дөй жараны бар.
«Бузулук районундагы жана Самара облусундагы Кыргызстан жарандары 4-августтан тартып Казакстандын чек арасы аркылуу мекенине жөнөтүлөт. Кыргызстан жарандарынын жалпы саны 3 миңге чукул. Үйлөрүнө кетүүнү күтүп жаткан Өзбекстандын 500дөй жараны алдын ала макулдашуу боюнча чек арадан 6-августтан тартып өткөрүлөт. Алар мекенине темир жол транспорттору менен кетишет», – деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Чек араларда тигилген чатырларда карыган кишилер, кош бойлуу аялдар жана балдар да бар.
Бул арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20 автобустан турган биринчи кербен кечээ, 4-августта 1 101 киши менен жолго чыкканын билдирди. Бүгүн, 5-августта дагы 1356 жаран 23 автобус менен Кыргызстанга келе жатат.