Ссылки доступа

Ташкенттин мэрине таандык ишкананын кызматкерлери жумушта уктап иштеп жатышат


Ташкенттин Сергели районундагы пластик терезелерди жана эшиктерди чыгарган Imzo Akfa ишканасынын жүздөгөн кызматкери 15 күн бою үйлөрүнө барбай, ишканада түнөп иштеп жатышат.

«10-июлдан бери 200 жумушчу антисаниатрдык шарттарда ишканада уктап иштеп жатабыз. Жакында эле үч жумушчудан коронавирус аныкталды. Бирок жетекчилик ишкананын иши токтоп калбасын деп, бул маалыматты жашырып жатат», — деди Imzo Akfa жумушчуларынын бири.

Анын айтымында, жетекчилик аларды күнүнө 10 сааттан ашык иштетип, Эмгек кодексин бузууда.

– Биз күнүнө 10 сааттан, айрым учурларда 12 саттан иштейбиз. Ашыкча иштегенибиз үчүн акча төлөшпөйт. 15 күн үчүн ар бир жумушчуга болгону 700 миң сумдан (70 доллар) төлөп беришти», — деди ал.

500дөн ашык жумушчу иштеген Imzo Akfa ишканасынын кадрлар бөлүмүнүн кызматкери бул убактылуу чара экенин жана коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында көрүлүп жатканын билдирди.

– Алар жумушта өз каалоолору менен калып жатышат. Бул убактылуу чара. Жумушчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, акысыз тамак берилет», — деди ишкана өкүлү.

Ал жумушчулар ашыкча иштеп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

Imzo Akfa Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаевге таандык Akfa Group холдингинин курамына кирген ондогон ишканалардын бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG