Маалыматка караганда, жеке агенттиктин башчысы 27 жашта, Кыргызстанда төрөлгөн. Ага карата «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал жарандарга Эл аралык эмгек уюму аркылуу Корея жана Европага жумушка орноштурам деп убадалап, 132 кишинин ар биринен 45 миллион сумдан (4,5 миң доллар) алган. Бирок алардын эч кимисин чет өлкөгө жумушка жөнөткөн эмес. Агенттиктин башчысы мындай жол менен жалпысынан 5,6 миллиард сумга (550 миң доллар) ээ болгон.
Өзбекстанда буга чейин да жарандарды алдап кеткен ишке орноштуруу агенттиктери жөнүндө кабарланган. Алардын айрымдарынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулса, башкаларынын жетекчилери жоопкерчиликтерге тартылган.
Ташкентте «International Job Organization – xususiy bandlik agentligi» деп аталган ишке орноштуруу агенттигинин башчысы кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы кабарлады.